Site icon Reporter.kg

Кыргыз жана тажик милиционерлери уурдалган малды ээлерине кайтарды

Лейлек районунда Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери уурдалган малды ээлерине тапшырышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылы менен чектешкен Худжанд — Канибадам автоунаа жүрүүчү жолдо Лейлек РИИБдин начальниги, милициянын подполковниги Б.Кундузов жана Тажикстандын Гафуров РИИБдин начальниги, милициянын полковниги И.Вализода менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдүн негизинде чек ара аймактарынан уурдалып кеткен мал кайтарылды.

Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери жолугушууда эки элдин ортосундагы ар кандай пикир келишпестиктерди жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүшүп, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынганын эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алышты.

Мурда уурдалып кеткен 3 уй, 3 музоону кыргыз тарап өткөрүп алып, ал эми тажик тараптын 6 баш бодо малын өткөрүп берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version