Айыл чарба министрлигинде “Кыргыз Жаңгак” улуттук бренди аркылуу жапайы жаңгакты жайылтуу боюнча техникалык жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Аталган жумушчу топко Айыл чарба министрлигинин, Экология министрлигинин, Кыргызпатенттин, Жогорку Кеңештин, Стандартташтыруу жана аккредитация борборунун, Токойчулар жана жаңгак өстүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын, ZENIUS фондунун өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз бренд-эксперттер кирет.
Жолугушууда төмөнкү максаттар боюнча сүйлөшүүлөр болуп өткөн:
- “Кыргыз Жаңгак” бренди үчүн улуттук маркетинг планын иштеп чыгуу;
- “Арстанбап жапайы жаңгагы” географиялык көрсөткүчүнүн негизинде бренд стратегиясын түзүү;
- Экологиялык таза таңгактоо жана заманбап жайылтуу ыкмаларын киргизүү;
- Кыргыз жаңгагы боюнча өзүнчө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу.
Кыргызпатент өкүлдөрү “Кыргыз Жангак” аталышын улуттук товардык белги катары коргоо жол-жоболору тууралуу маалымат беришкен. Ал эми Мамлекеттик стандартташтыруу органы «Кыргыз Жаңгак» үчүн өзүнчө стандарт иштеп чыгуунун зарылдыгын белгилеген.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев бул демилгени мыйзам деңгээлинде колдоого даяр экенин билдирсе, бренд-стратег Марсель Шейшенов дүйнөлүк керектөөчүгө кыргыз жаңгагынын өзгөчөлүгүн таасын жеткирген бренд позициясын түзүү зарылдыгын белгилеген
Министрлик, “Кыргыз Жаңгак” долбоору төмөнкү артыкчылыктарга ээ экенин билдирди:
- Географиялык көрсөткүч аркылуу продукциянын келип чыгышын коргоо;
- Экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү;
- Кыргызстандын экологиялык таза азык өндүрүүчү имиджин бекемдөө;
- Жергиликтүү жамааттардын, өзгөчө аялдардын, жаңгак чынжырындагы катышуусун кеңейтүү.