Кыргыз жарандарына Пакистанга виза алуу жолу жеңилдеди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Туристтик жана ишкердик визаны онлайн алууга болот (POVS) https://visa.nadra.gov.pk/ порталы).
Эгер жаран “кара тизмеден” аныкталбаса, автоматтык түрдө виза берилет. “Кара тизмеге” кирип калган учурда, арыз 24 сааттын ичинде иштелип чыгат. Кызматка визалык жыйымдар жана документтерди кароодо акы алынбайт.