Site icon Reporter.kg

Жазгы айдоо иштеринде дээрлик 600 миң гектар жер айдалды

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 22-майга карата өлкөдө 598,4 миң гектар жер айдалып, бул пландалган көлөмдүн 85,8%ын түздү. Айрым аймактарда айдоо иштери уланууда, бирок негизги бөлүгү бүткөрүлгөн.

Эң көп айдалган дан эгиндеринин бири арпа болуп, ал 212,8 миң гектарды түздү (пландын 88,2%). Бул былтыркыдан 1,6 миң гектарга көп. Ал эми буудай 99,5 миң гектарга айдалып, 96,7% аткарылды. Айдоо иштери азырынча Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында уланууда.

Жүгөрү 97,5 миң гектарга (90,3%), ал эми картошка 49,2 миң гектарга айдалып, былтыркыга салыштырмалуу 4,7 миң гектарга көбөйгөн. 2025-жылы картошка айдоо көлөмүн 66,4 миң гектарга жеткирүү пландалууда.

Жашылча-жемиштер 46,1 миң гектар жерди ээлеп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,8 миң гектарга эгилди. Дарбыз жемишинин бакчалары 10 миң гектарга айдалып, 1,07 миң гектарга көбөйгөн. Ош облусунда иштер толугу менен аяктап, Жалал-Абад облусунда соңку этапиа турат.

Май өндүрүүчү өсүмдүктөр 12,1 миң гектарга (71,3%) айдалды. Ал эми кант кызылчасы негизинен Чүй жана Талас облустарында 12,8 миң гектарга айдалып, бул былтыркыдан 1,3 миң гектарга көп.

 

 

Exit mobile version