Кыргызча маалымат берген башкы прокурорго орус тилдүү журналисттер нааразы болду

Кыргызча маалымат берген башкы прокурорго орус тилдүү журналисттер нааразы болду

Бүгүн, 4-ноябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Башкы прокуратура тарабынан аткарылып жаткан иштерди айтып, журналисттердин суроолоруна жооп берди. 

Маалымат жыйын баштан аяк кыргыз тилинде өтүп, жыйындын аягында орус тилдүү журналисттердин бири “эмнеге орус тилинде сүйлөбөй жатасыз, орус тилдүү журналисттерди бөлгөнсүп” деп доомат койду.

Ага Курманкул Зулушев эч бир тилди кемсинткиси келбегендигин, кыргызча басма сөз жыйын өткөргөндүгүн мамлекеттик тилди сыйлагандыгы менен түшүндүрдү.  

“Туура түшүнүңүздөр мен  расмий тилди коргоп же башка тилди кемсинтейин деген оюм жок. Расмий тилде ээн-эркин сүйлөп, жазып ушул кызматка чейин жеттим. Бирок мамлекеттик тил баарынан ыйык, бийик турат. Кайсы гана мамлекет болбосун өзүнүн тилин, каада-салтын сыйлап, урматташы керек. Ошол эле учурда мамлекетте жашаган башка тилдүү, башка улуттагы адамдарды да урматтап-сыйлоо керек. Алар дагы мамлекеттик тилди өз тилиндей эле билиши зарыл. Менин расмий тилде сүйлөбөгөн себебим ушул, баарыңыздарга ийгилик каалайм, ошондой эле мамлекеттик тилде сүйлөшүңүздөрдү суранам”, — деди Зулушев.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>