Site icon Reporter.kg

«Кыргызкөмүр» ишканасына жаңы директор дайындалды

Молдокматов Максатбек Бектемирович Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.

Аны дайындоо жөнүндө буйрукка 24-апрелде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

«Кыргызкөмүр» ишканасынын сайтында жарыяланган маалыматка караганда, Максатбек  Молдокматов буга чейин ишкананын башкы директорунун орун басары кызматын аркалап келген.

Буга чейин ишкананы Орозбаев Марат Төлөгөнович жетектеп келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version