Кыргызпатент: өткөн жылы 805 товардык белги катталды — инфографика

Кыргызпатент: өткөн жылы 805 товардык белги катталды — инфографика

Өткөн жылы Интеллектуалдык менчик жана инновация боюнча мамлекеттик кызматына (Кыргызпатент)  келип  түшкөн өтүнмөлөрдүн 60 пайызын товардык белгилер түзгөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

29-январда Кыргызпатенттин коллегиясынын кеңейтилген отуруму болуп, анда түзүмдөрдүн жетекчилери өткөн жылдагы аткарылган жумуштар тууралуу маалымат беришти.

Иш-чаралардын жалпы санына карата аткарылган иш-чаралардын санынын салыштырмалуу салмагы 79/79ду түзгөн. Бул ведомствонун отчеттук мезгилдеги планынын 100%га аткарылгандыгын түшүндүрөт.

Каттоолордун өткөн жылдарга салыштырмалуу сандык катышы, т.а. товардык белгилер 60%ды, автордук укук объектилери 22%ды, ал эми ойлоп табуулар 5%ды түзөт.

2019-жылы 805 товардык белги катталды. Бул акыркы беш жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч, жыл ичиндеги каттоолордун жалпы санын 61%ынан ашык үлүшүн товардык белгилерди каттоо түзгөн.

Ошондой эле мекеменин кечээки өткөн отурумунда автордук сыйакылар боюнча аласа карыздарды чогултуу жана төмөндөтүү, ойлоп табууларга, товардык белгилерге жана башка интеллектуалдык менчик объектилерине түшкөн өтүнмөлөрдү талдоо маселелери каралган.
 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>