Кыргызстан Өзбекстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Өзбекстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстандын Өкмөтү Сардоба суу сактагычынын жарылышынан улам жабыркаган Өзбекстанга гуманитардык жардам жиберди. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Коңшу өлкөнүн жабыр тарткан калкы үчүн 1 000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майы жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, 1-майда Өзбекстандын Сардаба суу сактагычында дамба жырылып, Сардаба, Акалтын, Мирзабад райондорунун 70 миңдей тургуну коопсуз аймактарга көчүрүлгөн.

Суу коңшу Казакстандын Түркстан облусунун бир нече айыл-кыштагын да каптап, 30 миңден ашык адам жапа чеккен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>