“Кыргызстан” №15. Канатбек Исаев: “Өкмөттү жетектегенге тажрыйбабыз жетет” — видео

“Кыргызстан” №15. Канатбек Исаев: “Өкмөттү жетектегенге тажрыйбабыз жетет” — видео

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер “Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууга келген партия лидерин айылдын тургундары атчан адамдардын коштоосунда жылуу тосуп алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Канатбек Исаев партиянын “Эл үчүн” программасын тааныштырып жатып, партиянын максаты- өлкөдө ири өндүрүш  жайларды, заводдорду куруп, өлкө экономикасын өнүктүрүү экенин айтты.

“Азыр көп партиялар айлыкты, пенсияны, жөлөк пулду көбөйтөбүз деп айтып жатышат. Бирок, мен айтып коеюн, экономикабыз өспөсө мунун баары куру убада болуп калат. Ооба, баарыбыз эле социалдык көлөмдөрдү көбөйтүү керек деп, жакшы эле ниеттенибиз жатабыз, бирок өлкөнүн бюджеттинде акча жок болсо анча акчаны кантип төлөп беребиз. Демек, экономиканы көтөрүшүбүз керек. Экономиканын эң эле өзөгү – бул өндүрүш менен өнөр жай. Мына азыр шайлоого катышып жаткан партиялардын ичинен “Кыргызстан” партиясындай бир да партия өндүрүш жана өнөр жай тармагына салым кошкон жок”,– деди Канат Исаев.
    
Канатбек Исаев белгилегендей, “Кыргызстан” партиясы өлкөдө жүздөгөн ишканаларды куруп, миңдеген адамдарды жумуш орун менен камсыз кылган. Ал эми партиянын катарынан парламентке аттанып  жаткан бардык ишканалардын ээлери мамлекетке 3 миллиард сом өлчөмүндө салык төлөшкөн, бул “Кумтөр” алтын кенинен түшкөн салыктын 70 пайызын түзөт.

 “Биз миңдеген адам иштеген ишкананы башкарып жаткандан кийин, өкмөттү да башкарганга тажрыйбабыз да, көзүбүз да жетет. Кыска мөөнөттүн ичинде Кыргызстанды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Биз инвесторлорду кандай шартта келерин жакшы билебиз. Анткени бардыгы баштан өткөн. Алар өлкөгө келип завод, фабриканы иштетип жатканда, кандай тоскоолдуктарга туш болгонун баарыбыз көрдүк. Эми инвесторлорго, өлкөбүзгө жана жергиликтүү элге да натыйжалуу болгон мыйзамдарды жазалы деп жатабыз”, — деп кошумчалады Исаев.

Ошондой эле Канатбек Исаев донорлорго ФАПтарды, ооруканаларды курдуруп, кубанып жүрө бербей, тескерисинче Кыргызстан башкаларга жардам берген өлкөгө айланышы керектигин белгиледи.

Жолугушуу учурунда шайлоочулар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү жана элдин жашоо-турмушун жакшыртуу маселелерине байланыштуу бир катар суроолорду узатышты.
Партия лидери шайлоочулардын суроолоруна, партиянын басып өткөн жолу жана программасына таянуу менен жооп берди.

[su_image_carousel source=»media: 41996,41990,41992″ crop=»none» autoplay=»4″]
Айыл тургундары партиянын программасын жактырып, чын ниеттери менен колдой тургандыгын айтышып, партия лидерине ак калпай кийгизип, чапан жабышып, ак сакалдар баталарын беришти.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 26.09.2020)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>