Site icon Reporter.kg

Кыргызстан 11 айда Өзбекстанга 623,5 миң тонна цемент саткан

Кыргызстан былтыр 11 айда Өзбекстанга 623,5 миң тонна цемент саткан. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, былтыр январь-ноябрь айларында Өзбекстан сырттан 87,4 млн долларга 2,2 млн тонна цемент сатып алган.

Өзбекстан цемент импорттогон өлкөлөр:

— Тажикстан — 903 миң тонна

— Кыргызстан- 623,5 миң тонна

— Казакстан — 558,6 миң тонна

— Иран — 17,6 миң тонна

— Түркмөнстан — 12,7 миң тонна

— Кытай — 1,4 миң тонна

— Россия — 1,1 миң тонна

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version