Site icon Reporter.kg

Кыргызстан 2050-жылга ички дүң өндүрүмдү 14 эсеге көбөйтмөкчү

Кыргызстан 2050-жылы экономикасын 200 миллиард долларга жеткирмекчи. Бул тууралуу бүгүн Садыр Жапаров “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде билдирди.

Министрлер кабинети  2030-жылга чейин экономиканы эки эседен ашык көбөйтүүгө, ички дүң продукциябыздын көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүүнү көздөйт.

«Эң башкысы, мындай натыйжа 2050-жылга чейин улуттук экономикабызды 200 миллиард АКШ долларына жеткизүүгө негиз болуп бериши керек. Муну улуу максат, бийик амбиция, жалпы улуттук кыялыбыз десек да болот!», — дейт Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, учурда ички дүң продукция 13,7 миллиард долларды түзөт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстандын гана экономикасынын көлөмү 200 миллиард доллардан ашат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version