2024-жылдын январь-март айларында Кыргызстандан 139,7 млн долларлык 2,1 тонна алтын экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.
Белгиленгендей, март айында эле Кыргызстан башка өлкөлөргө 32,4 млн долларлык 476 кг баалуу металл жеткирди, тактап айтканда:
Кытай – 75,3 млн долларга 1,1 тонна;
Швейцария — 63,5 млн долларга 971,4 кг;
БАЭ — 811,9 миң долларга 12,5 кг.
Белгилеп кетсек, 2023-жылы Кыргызстан башка өлкөлөргө 1,2 млрд долларга алтын саткан, сатылган алтындын көлөмү 20,2 тоннаны түзгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз