Кыргызстан 3 миң тонна кумшекер жана 5 миң тонна өсүмдүк майын сатып алууну пландоодо

Кыргызстан 3 миң тонна кумшекер жана 5 миң тонна өсүмдүк майын сатып алууну пландоодо

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргызстан 3 миң тонна кумшекер жана 5 миң тонна өсүмдүк майын сатып алат. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ички базарда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана негизги азык-түлүк товарларына бааларды турукташтыруу максатында премьер-министр Улукбек Мариповдун тапшырмасы боюнча, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду кумшекер жана өсүмдүк майын сатып ала баштады.

Буга байланыштуу 506,294 тонна күн карама майы жана 3046 тонна кум шекер жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Аталган продукцияларды Кыргызстанга импорттоону ушул жылдын апрель айында жүргүзүү пландалууда.

Буга чейин, Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги Кайыңдыдагы заводдо шекердин запасы 3 айга гана жеткидей калганын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>