Site icon Reporter.kg

Кыргызстан аффинаждалган куйма алтынды Малайзияга экспорттойт

Кыргызстан менен Малайзия ортосундагы экономикалык кызматташтыктын алкагында маанилүү келишимге кол коюлду.

2025-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Малайзияга расмий иш сапарынын жүрүшүндө “Кыргызалтын” ачык акционердик коому менен Public Gold Marketing Sdn. Bhd. компаниясынын ортосунда аффинаждалган (жогорку пробадагы) куйма түрүндөгү алтынды Малайзияга экспорттоо боюнча келишимге жетишилди.

Бул макулдашуу Кыргызстандын алтын өнөр жайы үчүн жаңы экспорттук багыттарды ачып, эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Public Gold — Малайзиядагы алдыңкы алтын маркетинг жана инвестициялык компаниялардын бири болуп саналат.

Мындан тышкары, иш сапардын алкагында Кыргызстанда эт иштетүүчү адал-парк курууга инвестиция тартуу, ошондой эле туризм, ажылык жана башка экономикалык тармактарда кызматташууну көздөгөн бир катар документтерге кол коюлду.

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түзүлгөн бул келишимдер эки өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн чыңдалышына өбөлгө түзөт.

Маалымат үчүн: “Кыргызалтын” ААК – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик алтын өндүрүү жана сатуу боюнча башкы мекемеси болуп эсептелет. Компания алтынды аффинаждоо, экспорттоо жана ички рынокто сатуу боюнча иш алып барат.

Exit mobile version