Site icon Reporter.kg

Кыргызстан алдыңкы 20 реформатор өлкөнүн катарына кирди

Бүткүл дүйнөлүк банк “Бизнес жүргүзүү” боюнча 20 өлкөнүн жетишкендиктеринин эл аралык рейтингин чыгарды. Тизмеге кыргызстан дагы киргендигин Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Кыргызстан “Электр түйүндөргө кошулуу”, “Салык төлөө” жана “Насыя алуу” көрсөткүчтөрүн жакшыртты.

Аны менен бирге «электр түйүндөргө кошулуу» көрсөткүчтөрү өчүрүүлөрдү көзөмөлдөө жана инфратүзүмдөрдү модернизациялоонун эсебинен жакшырды.

Изилдөөдө ошондой эле кредиттик бюролордун иш тутумун жакшыртуу жана отчеттуулук жана салык төлөө процедураларын жеңилдетүү аркылуу «насыя алуу» көрсөткүчү боюнча жасалган реформалар белгиленди.

Дүйнөлүк банк реформатор ТОП-20 өлкөгө быйылкы жылы бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиктеринин жалпы көрсөткүчүнө киргизилген үч же 10дон ашуун чөйрөсүндө жеңилдетүүчү реформа жасаган өлкөлөрдү тандайт.

Бизнес жүргүзүүнү татаалдаштырган ченемдик өзгөрүүлөр аны жеңилдеткендердин катарынан чыгарылат. Эң мыкты жакшыртылган экономикалар үчтөн кем эмес реформа жасагандардын арасында бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү көрсөткүчтөрүндөгү кыйла жакшыруулар аркылуу аныкталат.

Doing Business 2020 рейтингинин расмий бет ачары 2019-жылы октябрдын соңунда өтөт.

 Маалымдама: 2018-2040-жылдарга карата Кыргызстан  өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык, биздин республика 2023-жылы «Бизнес жүргүзүү» рейтинги боюнча дүйнөнүн алдынкы 40 өлкөсүнүн катарына кирүүгө тийиш.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан  2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөрүн 7-позицияга жогорулатып, 190 өлкөнүн ичинен 70-орунду ээлеген. Doing Business («Бизнес жүргүзүү») долбоору дүйнөнүн 190 өлкөсүндө бизнести жөнгө салуу мыйзамдарына жана алардын колдонулушуна баа берет.

Exit mobile version