Site icon Reporter.kg

Кыргызстан Ангола менен дипломатиялык алака түздү

Кыргызстан Ангола Республикасы менен дипломатиялык мамиле түздү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү документке БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кол койгон.

Ангола Кыргыз Республикасы менен дипломатиялык мамиле түзгөн 172-өлкө болуп калды.

Ангола — Түштүк Африкадагы мамлекет. Ал 1975-жылы көз карандысыздыкка жеткен.

Exit mobile version