Site icon Reporter.kg

Бөкөнтаев дагы бир өлкөдө элчилик милдетти аткарат

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев дагы бир мамлекетте элчилик милдетти аткара турган болду.

Президент кол койгон жарлыкка ылайык, ал Армениядагы элчилик кызматын аркалайт. Анын башкы резиденциясы Москвада болот.

Эске салсак, Бөкөнтаев 2024-жылдын август айында Кыргызстандын Россиядагы элчиси кызматына дайындалган.

Улуттук банктын мурдагы төрагасы элчи болуп дайындалды

Exit mobile version