Site icon Reporter.kg

Кыргызстан аскердик күчү боюнча дүйнөдө канчанчы орунда турат?

Кыргызстан 2023-жылы аскердик күчү боюнча дүйнөлүк рейтингде 145 өлкөнүн ичинен 107-орунду ээледи. Бул тууралуу Global Firepower уюму билдирди.

Уюм рейтингди түзүүдө 55 көрсөткүчтү карап, куралдуу күчтөрдүн саны, аскердик техника менен жабдылышы, каржылоо, заманбап технологиялардын колдонулушу, логистикалык мүмкүнчүлөрү жана башкалар салыштырылат.

Борбор Азиянын өлкөлөрү арасында, рейтингде, алдыңкы орунда Өзбекстан турат: 62-орун (былтыр 54-орун). Андан кийин Казакстан 63-орунду (былтыр 64-орун) жана Түркмөнстан 82-орунду (былтыр 83-орун) ээлеген. Ал эми Кыргызстан 107-орунда (былтыр 90-орун) жана Тажикстан 120-орунда (былтыр 111-орун) турат.

Ошол эле учурда аталган уюм, айрым мамлекеттердин көрсөткүчүнүн түшүшү сөзсүз түрдө алардын аскердик күчүнүн азайышын эмес, Global Firepower’дин формуласынын өзгөрүшү менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин эскертет.

Изилдөөдө айтылгандай, Кыргызстандын былтыркы жылдагы аскердик чыгашалары 116 млн долларды түзгөн.

Рейтингде биринчи орунда АКШ, андан кийин Россия менен Кытай турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version