Site icon Reporter.kg

Кыргызстан Азербайжанга топоз экспорттой баштады — сүрөт

Кыргызстандан Азербайжанга 100 баш топоз жөнөтүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Улуттук статистика комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда топоздордун саны 53,9 миң башты түзгөн.

«2022-жылы Айыл чарба министрлиги тарабынан асыл тукум чарба статусун ыйгаруу максатында чарба жүргүзүүчү субъекттерди аттестациялоонун жана кайра аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча 5 топоз чарбасы өткөн, чарбаларда 1 миң 543 баш асыл тукум топоз катталган», — деп билдирет министрлик.

Кыргызстан Азербайжанга топоз экспорттойт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version