Кыргызстан Азербайжанга топоз экспорттойт

Бүгүн Кыргызстандан Азербайжанга топоз экспорттоо боюнча келишимге кол коюлат. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. “Апрель айындагы иш сапардын жыйынтыгы боюнча топоздорду экспорттоону жөнгө салууну макулдаштык. Ушул айдын 15-октябрында жүз башты жөнөтүү пландалууда”, — деди министр. Кошумчалай кетсек, бүгүн Айыл чарба министрлиги менен Азербайжандын ортосунда карантиндик өсүмдүктөр чөйрөсүндөгү кызматташуу боюнча келишимге кол коюу пландалууда. … Читать далее Кыргызстан Азербайжанга топоз экспорттойт