Site icon Reporter.kg

Кыргызстан бардык эл аралык аба каттамдарына чектөө киргизди

Кыргызстан бардык эл аралык аба каттамдарына чектөө киргизди. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабынын жыйынында кабыл алынды.

Бүгүн, 20-марттан тарта Бишкек жана Ош шаарларынан учуучу бардык эл аралык каттамдар токтойт. Ал эми Москва-Ош, Москва-Бишкек, Новосибирск-Бишкек багытындагы каттамдарга жумасына бир жолудан учуп-конууга уруксат берилди.

Exit mobile version