Кыргызстан 2024-жылдын январь-май айларында 30 миллион 219 миң долларга кийим-кече экспорттоп, 90 миллион 728 миң долларга импорттогон. Бул боюнча Улуттук статистика комитети билдирди.
Кытайдан 29 миллион долларга, Түркиядан 34,8 миллион долларга, Өзбекстандан 12 миллион долларга сатып алынган.
Кыргызстандын чеберлери көбүнчө Орусияны кийиндирет. Бул мамлекеткке 5 айда 20,8 миллион долларга кийим жөнөтүлгөн.