Жалпы республика боюнча саламаттыкты сактоо мекемелеринде 443 тез жардам унаасы бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев штабдын жыйынында билдирди.
“Мындан тышкары, жалпы 71 тез жардам унаасы гуманитардык жардам түрүндө алып келинген, анын 13ү гуманитардык жардам түрүндө, 26 тез жардам унаасы Дүйнөлүк Банк аркылуу (ERICA долбоору), ал эми жеке ишкерлер тарабынан 32 тез жардам унаасы келип түшкөн”, — деп билдирди министр.