Site icon Reporter.kg

“Кыргызстан” БШКга талапкерлердин тизмесин тапшырды, — видео

«Кыргызстан» саясий партиясы талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Бул тууралуу партиянын штабынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, документтерди кечээ, 2-сентябрда тапшырышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» саясий партиясынан шайлоого аттанган талапкерлердин тизмесин кабыл алган.

Белгилей кетсек, БШК аларга “Кыргызстандын” документтерин ыйгарым укуктуу өкүлүнөн башка адам алып келгенин айтып кабыл алуудан баш тартып, шайлоо өнөктүгүнөн четтеткен.
Буга нааразы болгон “Кыргызстан” партиясы БШКнын үстүнөн Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылып, ал партиянын пайдасына чечим чыгарган.
Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы ал өкүмдү жокко чыгартуу үчүн Жогорку Сотко  кайрылып, бирок анда да партиянын пайдасына чечилген болчу. 

Exit mobile version