Кыргызстан БУУдан президенттик шайлоону жана Конституциялык реформаны өткөрүүгө жардам сурады

Кыргызстан БУУдан президенттик шайлоону жана Конституциялык реформаны өткөрүүгө жардам сурады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги президенттик шайлоону жана Конституциялык реформаны өткөрүү үчүн БУУдан техникалык колдоо көрсөтүүнү суранды. Бул тууралуу ТИМдин расмий сайтында жазылат.

Муну менен катар, Кыргызстан тарап эл аралык келишимдердеги өз милдеттерин аткарууга жана мыйзамдуулукту толук сактап, адам укуктарын коргоого убада берди.

БУУнун өкүлү, Кыргызстандагы өзгөрүүлөр жакшы нукка өтүп жатканын белгилеп, ошондой эле Конституциялык реформаларды коомчулуктун кеңири катышуусу менен талкуулоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү керектигин, муну менен элдин ишеними бекемделе тургандыгын айтты.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-декабрында, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелон менен жолуккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>