Site icon Reporter.kg

Кыргызстан: Бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган 164 адамдын абалы оор

Кыргызстанда 642 адам коронавирустан дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

343 адам амбулатордук (үй шартында), стационарда 299 адам дарыланууда. Алардын ичинен 20 адамдын абалы өтө оор, 144ү оор абалда. 133 бейтаптын абалы (же 44,4 пайызы) орточо, экөөнүн абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

2019-жылдын март айынын башынан бери расмий маалыматтар боюнча 179 миң 442 адам айыгып чыкты.

Exit mobile version