Site icon Reporter.kg

Кыргызстан картошканын экспортун дээрлик эки эсе көбөйттү

Кыргызстан быйыл картошканын экспортун дээрлик эки эсе көбөйттү. Бул тууралуу «Акчабар» жазды.

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, быйыл январь – июнь айларында Кыргызстан чет жакка 32 миң тоннадан ашык картошка саткан. Былтыр 6 айда экспорт 16,6 миң тонна болгон.

Кыргызстан картошканы 5 өлкөгө – Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кытай жана Россияга сатууда. Алардын ичинен картошка эң көп (83%) Өзбекстанга экспорттолгон: быйыл жарым жылда 26 миң 585,1 тонна сатылган. Былтыркыга 6 айга салыштырмалуу эки эсе көп.

Exit mobile version