Site icon Reporter.kg

Кыргызстан дүйнө чемпионатындагы медалдык эсепте топ 5ке кирди

Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасы Норвегияда өткөн дүйнө чемпионатында медалдык эсепте алдыңкы топ 5ке кирди.

Алтын:

Айсулуу Тыныбекова

Мээрим Жуманазарова

Күмүш:

Эрназар Акматалиев

Жоламан Шаршенбеков

Коло:

Алибек Осмонов

Айпери Медет кызы.

Белгилей кетсек, 2-октябрда Осло шаарында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты башталып, кечээ, 10-октябрда жыйынтыкталды. Мелдешке Кыргызстандын эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышты. Тагыраагы, эркин күрөштөн төрт, кыз-келиндер күрөшүнөн үч, грек-рим түрүнөн сегиз спортчу өлкө намысын коргошту.

Exit mobile version