Кыргызстандын футбол курамасы Азия чөлкөмүндөгү дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын 3-баскычынын алкагындагы төртүнчү оюнунда Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде утуп, алгачкы 3 упайын куржунга салды. Беттеш 15-октябрда Бишкекте өттү.
Буга чейинки беттештеринде Кыргызстан Иранга 1:0, Өзбекстанга 2:3 жана Катарга 1:3 эсебинде жеңилип, бир да упай ала алган эмес.
Төрт оюндун жыйынтыгы менен «ак шумкарлар» 3 упайы менен өз тайпасында бешинчи орунга жайгашты. Биринчи орунда Иран (10 упай), Өзбекстан экинчи (10 упай), андан кийин Бириккен Араб Эмираттары (4 упай), Катар төртүнчү (4 упай) жана Түндүк Корея (2 упай) акыркы орунда турат.
Белгилей кетсек, 3-баскычтын жыйынтыгы менен тайпасында 1-2-орунду ээлеген командалар 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо алат. 3-4-орунду ээлегендер тандоо оюндарынын 4-баскычына өтүп, дүйнө биринчилигине чыгуу үчүн жарышты улантат. Соңку эки орундагы курама жарыштан четтейт.
Алдыда Кыргызстан дагы 6 беттеш өткөрөт. Бирок буга чейинки оюндардын жыйынтыгы менен «ак шумкарлар» дүйнө чемпионатына түз чыгып кетүү үчүн жолдомо ала албайт деп айтууга болот. Себеби дүйнө биринчилигине бериле турган эки жолдомону Иран, Өзбекстан же Катар алары көрүнүп турат.
Ошол эле учурда Кыргызстан өз тайпасында төртүнчү орунга илинип, тандоо оюндарынын кийинки баскычына өтүүгө аз да болсо мүмкүндүгү бар. Төртүнчү орунду Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары же Түндүк Корея менен талашып калышы толук ыктымал. 4-баскычка өтүү үчүн Кыргызстан алдыдагы оюндарда БАЭни (2 оюн), Түндүк Кореяны (1 оюн) сөзсүз утушу керек. Калган курамаларды утары арсар, бирок тең чыкса, өзүнө жакшы. Ошондо Кыргызстандын эсебинде кеминде 12 упай бар болот. Ошондой эле БАЭ менен Түндүк Корея жанагы үч курамага утулбаса да, тең чыгышы керек. Андай болгондо, БАЭ көп дегенде 9 упайга, Түндүк Корея 7 упайга ээ болот. Натыйжада Кыргызстан упай артыкчылыгы менен тайпасында төртүнчү орунга илинет.
Быйылкы жылдын эсеби менен «ак шумкарлар» 14-ноябрда БАЭ менен конокто жана 19-ноябрда Бишкекте Иран менен ойнойт. Өзбекстан, Катар, Түндүк Корея жана БАЭ боло турган экинчи беттештери келерки жылы болот.