Site icon Reporter.kg

«Кыргызстан» фракциясына Бектен Сыдыгалиев депутат болуп келди

Бүгүн, 6-сентябрда «Кыргызстан» фракциясына Насыр Мусаевдин ордуна Бектен Сыдыгалиев депутат болуп келди. Ага Борбордук шайлоо комиссия мандат тапшырды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Насыр Мусаев кечээ, 5-сентябрда депутаттык мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазган. Ал ден соолугуна байланыштуу бир жылдан ашык жыйынга келген эмес. Бул маселе «Кыргызстан» фракциясында да көтөрүлүп, Мусаев мандатын тапшырсын деген кайрылууну Жогорку Кеңештин спикерине жөнөтүшкөн.

Бектен Сыдыгалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Антикоррупциялык кызмат түзүлгөндө биринчи жетекчиси болгон. Кийин атайын кызматтын төрагасынын биринчи орун басары кызматын да аркалаган.

Exit mobile version