«Кыргызстан» фракциясынын дагы бир депутаты мандатын тапшырды

«Кыргызстан» фракциясынын дагы бир депутаты мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Чойбеков мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымады.

Эртең БШК депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карайт.

Алмазбек Баатырбековдун журналисттерге берген маалыматына ылайык, анын оордуна  жаратылыш ресурстарынын мурунку министри Замирбек Эсенаманов келиши мүмкүн.

Ал эми Руслан Чойбековдон кийинки тизмеде турган Руслан Молдошев өзүн талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу арызын жазган.

Руслан Чойбеков Казакстанда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулунун ордуна келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>