Кыргызстан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайын толугу менен көзөмөлгө алды

Кыргызстан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайын толугу менен көзөмөлгө алды

Көк-Ташта жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы толугу менен Кыргыз тараптын көзөмөлүнө өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирүү таратты.

Маалыматкаылайык, Кыргызстан Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы аскердик күчтөрүн бекемдеп жатат. Учурда тараптардын тирешүүсү, анын ичинде эки тараптан тең курал колдонуу уланууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин билдиришинче, учурда Кыргыз-Тажик чек арасында абал оор бойдон калууда.

Ал эми расмий Бишкек менен Душанбе саат 20:00дөн тарта ок атууну токтотууну макулдашканы кабарланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>