Site icon Reporter.kg

Кыргызстан ичинде поезддердин жол киреси көтөрүлдү

Кыргызстанда 17-июндан тарта республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин жол кире акысы өзгөрдү. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Билет баасы төмөнкүдөй болот:

Бишкек — ​​Шопоков/Кант: Чоңдор үчүн 20 сом, балдар үчүн 6 сом;

Бишкек — ​​Кара-Балта / Токмок: чоңдор үчүн 56 сом, балдар үчүн 20 сом;

Бишкек — ​​Балыкчы: Чоңдор үчүн 150 сом, балдар үчүн 73 сом.

Беш жашка чейинки балдар үчүн жол жүрүү жана бир чоң жүргүнчүгө 36 килограмм кол жүгүн ташуу акысыз.

5-10 жаштагы жүргүнчүлөр балдар үчүн жол кире төлөшөт.

Exit mobile version