Кыргызстан Ильхам Алиевдин расмий сапар менен келээрин күтүүдө

Кыргызстан Ильхам Алиевдин расмий сапар менен келээрин күтүүдө

Кыргыз тарап Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий сапар менен келерин күтүп жатат.

Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Садыр Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алганда билдирген.

Эки өлкө ортосундагы саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык  жана башка чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болгон.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Азербайжан менен салттуу достук байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгилеген.

Садыр Жапаров саясий диалогду жогорку деңгээлде колдоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз тарап Азербайжан Президенти Ильхам Алиевдин расмий сапар менен келерин күтүп жаткандыгын айткан.

Ал Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири катары олуттуу, бирок ишке аша элек потенциалга ээ экономикалык кызматташтыкты диверсификациялоону атаган.

Кырдаалды оңдоп кетүү үчүн Мамлекет башчысы 2021-жылы Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү, бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнүн иш сапарларын уюштуруу, ошондой эле өз ара пайдалуу экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен эки өлкө ортосундагы соода- экономикалык кызматташтыкты активдештирүүнү сунуш кылган.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров азербайжан тарапка эки долбоорду — Бишкек шаарындагы Кыргызстан-Азербайжан достук паркынын жана Гейдар Алиев атындагы жалпы билим берүүчү мектептин курулушун ишке ашырууга каржылык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирген. Азербайжан башчысынын Кыргызстанга боло турган алдыдагы иш сапарына карата аталган курулуштар аяктаарын кошумчалап өткөн.

Ошондой эле Садыр Жапаров “Баку-Бишкек” түз аба каттамын калыбына келтирүү маселесине токтолуп, бул маселенин оң жагына чечүүнү караштырып, тездетүүнү сунуш кылган.

Элчи Гидаят Оруджев Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Садыр Жапаровго жолдогон саламын айтып, анын жетекчилиги астында өлкөлөр ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелер мындан ары тереңдейт деген бекем ишенимин билдирген.

Ошондой эле ал Азербайжан тараптын Кыргызстанга жаңы инвестицияларды тартууга даяр экендигин маалымдап, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн колдонула элек чоң мүмкүнчүлүктөрдү белгилеген.

Гидаят Оруджев Азербайжандын президенти Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан реформалар саясатын колдой тургандыгын баса белгилеп, өз мамлекетинин жетекчилигинин атынан Мамлекет башчысын Азербайжанга сапар менен келип кетүүгө чакырган.

Президент Садыр Жапаров дагы Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевге саламын жолдоп, Гидаят Оруджевдин дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалаган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>