Site icon Reporter.kg

Кыргызстан Индиядан 200 млн доллар жеңилдетилген насыя алат

Индия менен Кыргызстан 200 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлүү боюнча макулдашууда. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин 10-11-октябрда Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар менен болгон жолугушууларынын жыйынтыктары тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

«Бул меморандумдун алкагында саламаттык сактоо, айыл чарба жана агроөнөр жай, кайра жаралуучу энергия булактары, соода жана кыргыз экономикасынын башка артыкчылыктуу тармактары боюнча социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 1,5 миллион долларга чейин каражат бөлүнөт. Ошондой эле Индия өкмөтү тарабынан Кыргызстанга 200 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлүү боюнча макулдашууга жетишилди», — деп айтылат билдирүүдө.

Министр Джайшанкар Индиянын кыргыз-индия мамилелерин бардык чөйрөлөрдө бекемдөө жана өнүктүрүү багытын мындан ары да улантууну каалагандыгын баса белгиледи.

Exit mobile version