Күйүүчү майды экспорттоого тыюу салуу чечимине өкмөт башчы кол койду

Күйүүчү майды экспорттоого тыюу салуу чечимине өкмөт башчы кол койду

Кыргызстан күйүүчү майды экспорттоого убактылуу тыюу киргизди.Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Евразиялык экономикалык биримдигинин бажы аймагына Кыргыз Республикасынан мунай экспорттоого убактылуу тыюу салынып, тиешелүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Мындай чечим ички рынокто мунайга болгон бааны турукташтыруу максатында кабыл алынган.

«Чечим 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 46 жана 47-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, чечим кабыл алынган. Бул чечим кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет», — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>