1-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13,7 млрд. куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өткөн жылы ушул маалда суу сактагычта 16,2 млрд. куб метр суу болгон. Акыркы суткаларда колдонулуп жаткан суу агып келген суудан 3,7 эсеге көп болууда — 716 куб метр суу колдонулуп, 190 куб метр кошулууда.
«Электр станциялары» ишканасы 2019-жылдын башынан бери Нарын-Сырдарыя дарыяларында суунун аздыгы байкалып жатканын билдирүүдө. 2020-жылдын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,9 млрд. куб метрди түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 1,8 млрд. куб метрге аз болгон.
Буга байланыштуу быйыл сентябрда Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө максатында ноябрь жана декабрь айларында 500 миллион киловатт саат электр энергиясын сатып алуу боюнча Казакстан менен келишимге кол коюлган. Анын 1 киловатт сааты 2,4 центти түзөт.