Site icon Reporter.kg

Кыргызстан Казакстандан келген 80 тонна уйдун майын артка жөнөттү

«Ак-Тилек» чек ара өткөрү бекетинде 80 тонна уйдун майы кармалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 3-июль күнү  Ветеринардык кызмат Казакстандан келе жаткан товарды токтотуп, анын тийиштүү кагаздары жок жана Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин талаптарына жооп бербегендигин тактаган.

Уйдун майы артка кайтарылды.

Буга чейин дагы Казакстандан 20 тонна майды алып өтүүгө аракет кылышкан.

Exit mobile version