Site icon Reporter.kg

Кыргызстан КМШдагы интернети жеткиликсиз үч өлкөнүн катарына кирди

Wifi

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен калкы үчүн интернети эң кымбат жана жеткиликсиз өлкөлөрдүн үчилтигине кирди. 2020-жылга карата мындай маалыматтарды Эл аралык электр байланыш биримдиги (ITU) берет.

Кыргызстанда 1,5 ГБ интернет-пакеттин баасы калктын жан башына улуттук дүң кирешенин 2,83% түзөт.

ITU’нун маалыматы боюнча, эң каржылык жеткиликсиз интернет Түркмөнстанда (жан башына улуттук дүң кирешенин 3,6%) жана Тажикстанда (7,45%).

1,5 ГБ интернеттин эң арзан пакети Казакстанда (0,36%) жана Орусияда (0,91%).

Exit mobile version