Site icon Reporter.kg

“Кыргызстан коммунистери» шайлоого катышуудан баш тартты

“Кыргызстан коммунистеринин партиясы” Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуудан баш тартты.  Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Исхак Масалиев жетектеген саясий партиянын өтүнүчүн БШК 12-августта карап, аны канаатандырган.   

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин VII-чакырылышына шайлоо өтөт. Ага катышуу ниетин билдирип, 44 саясий партия документтерин БШКга жөнөткөн.

 

Exit mobile version