Site icon Reporter.kg

Кыргызстан коррупциялашкан 40 өлкөнүн катарына кирди. Рейтинг

Эл аралык Transparency International эл аралык уюму тарабынан түзүлгөн коррупцияга каршы туруу боюнча глобалдык рейтингде Кыргызстан 140-орунду ээледи.

Кыргызстан мурдагы жылкыдай 100 баллдан 27 упай топтоп, 2022-жылга карата бул жолу Россия, Пакистан сыяктуу өлкөлөр менен катарлаш турду.

Жалпы жонунан 180 мамлекеттеги коррупциялык кырдаал каралган. Жалпы жыйынтык өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөргө жана укук бузуулар боюнча абалга баа берүүнүн негизинде чыгарылат.

Борбордук Азиядан Казакстан 103-орунду, Өзбекстан 129-орунду ээледи. Ал эми Россия 139-орунда болсо, андан кийинки орунда Кыргызстан турат. Ошондой эле, Тажикстан 156-орунга, Түркмөнстан 170-орунга илинген.

Рейтингдин сап башына жемкорлук жок деп эсептелген өлкө катары кайрадан эле Дания, Финляндия, Жаңы Зеландия чыкса, «эң коррупциялашкан өлкө» делип Сомали, Сирия,  Түштүк Судан аталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version