Кыргызстан Кытайдан алган карызды төлөө мөөнөтүн узартууну суранды

Кыргызстан Кытайдан алган карызды төлөө мөөнөтүн узартууну суранды

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен 14-апрелде телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалым болду.​

Анда Жээнбеков инфекциянын макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасирин эске алуу менен Кытайдын алдындагы тышкы карыз боюнча төлөмдү жеңилдетүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну Кытайдын президентине сунуш кылганы белгилүү болду.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын 31-январына карата Кыргызстандын Кытайдын экспорт-импорт банкына болгон мамлекеттик карызы, жалпы тышкы карыздын ичинен 1 млрд 794.06 млн $ же 46.3% түзгөн.

Кыргызстандын экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров буга чейин билдиргендей, бюджеттин түйшүгүн азайтуу үчүн республиканын тышкы карызын реструктуризациялоо жана узартуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>