Кыргызстан Кытайдан эт ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизди

Кыргызстан Кытайдан эт ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизди

Кыргызстан Кытайдан эт жана эт азыктарын алып келүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынан маалымдашты.

«Тамак-аш коопсуздугу толук көзөмөлдө деп айта алам. Чек арада тиешелүү органдардын текшерүүсү жүрүп жатат», — деди ал.

Мекеменин маалыматына караганда, Хенань провинциясынан Кыргызстанга 2019-жылдын декабрь айында 48 тонна өрдөк эти алынып келген. Анын үлгүсү Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна (ВДЭБ) жиберилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы чыгып, коопсуздугу аныкталгандан кийин сатууга уруксат берилген.

Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы коронавирус биринчи катталган Ухань шаарынын тургундарына сыртка чыкпоо жөнүндө көрсөтмө берилди.

Жаңы вирустан өлгөндөрдүн саны 20 кишиге чамалады, аны жугузгандардын саны 450 кишиден ашты.

Вирусту жугузуп алгандар АКШда, Жапонияда, Түштүк Кореяда жана Таиландда да катталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>