Кыргызстан Кытайга күнүнө 60 тонна этти экспорттоону пландоодо

Кыргызстан Кытайга күнүнө 60 тонна этти экспорттоону пландоодо

Кыргызстан Кытайга күнүнө 60 тонна эт экспорттоону көздөп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев бүгүн, 12-январда брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, мындай көлөмдү камсыздоо үчүн республика транзиттик потенциалды колдонушу керек.

«Этти Кытайга экспорттоону пландап жатабыз. Алдын ала маалыматтар боюнча, биз Кытай менен өкмөттөр аралык келишимге кол койгондо, жеткирүүнүн көлөмү күнүнө 60 тоннага чейин эт жетиши мүмкүн. Мындай көлөмдү камсыз кылуу үчүн бизде транзиттик потенциалды колдонуу керек. Анткени биздин ички базабыз жетишсиз.

Экинчи багыт — бул ички потенциал. Бул жерде биз эки максатты көрөбүз: азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл чарбабызды өнүктүрүү. Бизде өтө чоң жер ресурстары жок, бирок аларды мүмкүн болушунча натыйжалуу колдонушубуз керек «, — деди Токтогазиев.

Учурда Бишкектин эт базарларында уй эти эң минималдуу баасы 350 сомдон жогору сатылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>