Кыргызстанда маймыл чечек оорусу боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Аталган илдет өлкөдө катталган жок. Министрлик анын алдын алуу аракетин көрүп жатат.
Маймыл чечеги катталган өлкөлөрдөн келгендер эропорттордо, темир жол каттамдарында жана чек ара посторунда текшерүүдөн өтүүдө. Бүгүнкү күндө санитардык карантиндик пункттар дене табы көтөрүлгөн адамдарды өз убагында аныктоо үчүн тепловизор жана байланышсыз термометрлер менен жабдылган.
Министрлик маймыл чечек вирусун аныктоо үчүн 3000 ПЧР тест-системаларын алган.
«Оору катталган өлкөлөргө барууну пландап жаткан жарандарга сактык чараларын көрүү сунушталат», — дейт министрлик.
15-августта Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы эки жылда маймыл чечек оорусунун чыгышы боюнча экинчи ирет дүйнөлүк мааниге ээ болгон өзгөчө кырдаалды жарыялады. Африканын айрым аймактарында адамдан адамга жугуучу маймыл чечек оорусу кескин өсүүдө. Жыл башынан бери Конгодо ооругандардын саны өткөн жылдын көрсөткүчүнөн кыйла ашып, ооругандардын саны 15 600 адамды түзгөндүгү айтылууда. Андан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 16-августунда Африкадан тышкары, Швеция менен Пакистан өлкөлөрүндө дагы оорунун эки учуру катталгандыгы белгилүү болду.