Site icon Reporter.kg

Кыргызстан Малайзия түз аба каттамын ачуу талкууланды

Кыргызстан менен Малайзия эки өлкө ортосунда түз авиа каттамдарды ачууну талкуулоодо. Бул тууралуу бүгүн Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүдөн кийин билдирди.

Анын айтымында, аба каттам ишке кирсе туризм, соода-экономикалык, транспорттук жана логистикалык өнөктөштүк өнүгөт.

Кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын ишин жандандыруу маселеси дагы көтөрүлдү.

“Аталган комиссиянын жанданышы эки тараптуу кызматташууга жаңы дем берерине тилектешмин”, — деди өлкө башчысы.

Анвар Ибрагим Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында Кыргызстанга келди.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанга келет

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version