Site icon Reporter.kg

Кыргызстан Малайзиядагы ири туристтик көргөзмөгө катышууда

Кыргызстандын делегациясы алгач ирет Малайзиядагы MATTA Fair ири туристтик көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Көргөзмө 17-19-имартта Куала-Лумпурда өтүүдө. Ага катышуу үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтик тармактын өкүлдөрү келип, алардын басымдуу бөлүгү Азия өлкөлөрүнөн болушат. Кыргызстандын делегациясынын көргөзмөгө катышуусун жана улуттук павильондун ишин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду колго алган.

«Малайзия туристтерди тартуу боюнча биз артыкчылык берген өлкөлөрдүн бири. Биз бир презентация жасап, көргөзмө аяктаганга чейин кеминде дагы бирөөнү уюштурабыз. Кесиптештерибизге жана конокторго Кыргызстандын ири туристтик потенциалы жана биздин долбоорлор тууралуу айтып берип жатабыз.

Көп маселелер боюнча бизге Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги (учурда Куала-Лумпурда болгону эки димломат иштейт) жардам берип жатат, ал үчүн аларга ыраазыбыз», — дейт фонддун вице-президенти Кайрат Итибаев.

Көргөзмөнүн алкагында Кыргызстандын павильонунун расмий ачылышы болгон. 19-мартта Кыргызстандын делегациясы бизнес-форум өткөрүүнү пландап, ага 100гө жакын конок келери күтүлүүдө.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө кыргызстандык туроператорлордун чет элдик кесиптештери менен жолугушуп, кызматташуу шарттарын талкуулоого мүмкүнлүгү бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version