Site icon Reporter.kg

Кыргызстан мектеп чейин билим берүүдө Сингапурдун тажрыйбасын колдонууну көздөйт

Кыргызстан мектепке чейинки билим берүү Сингапурдун тажрыйбасын колдонууну көздөөдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

11-апрелде министрликтин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы менен Сингапурдун мектепке чейинки билим берүү боюнча эксперттери онлайн түрдө жолугушушкан. Анда эки өлкө ортосунда тажрыйба алмашуу жүргөн.

Сингапурдун системасында ар бир жаш курак үчүн өзүнчө ыкмалар колдонулат:

Министрлик Сингапурдун мектепке чейинки билим берүү системасы дүйнөдө мыкты деп эсептелинерин, мындан улам Кыргызстан да бул ийгиликтүү тажрыйбадан үлгү алып, аны өзүнүн билим берүү практикасына ылайыктап адаптациялоону көздөп жатканын билдирди.

Exit mobile version