Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери чек арадагы кырдаалды талкуулашты

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери чек арадагы кырдаалды талкуулашты

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 1-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара кызматташтыгы тууралуу сүйлөшүп, анын ичинде 31-май күнү чек арага танапташ жерде түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёев мындан ары андай чатактарга жол бербеш үчүн зарыл чараларды көрүүнү макулдашты.

Президенттер мындан тышкары эки өлкөнүн элдери эзелтен ынтымакта жашап, кыйын күндөрдө бири-бирине жардам берип келишкенин бир ооздон белгилешти. Ошондой эле мамлекеттер арасында бири-бирин колдоо иретинде бир нече жолу берилген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык сөздөрүн айтышты.

31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавынын Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда «булак бизге таандык» деп сөз талашкандан чыккан.

Жаңжалдан кыргызстандык 25 жаран түрдүү жаракат алганын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдаган. Алардын төртөө ар кандай жаракат менен стационарда дарыланып жатканы, анын экөө операциядан кийин оор абалда экени маалым болду. Калгандары медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө чыгарылды.

«Озодлик» радиосу жаңжалдан өзбекстандык 16 адам түрдүү жаракат алып, ооруканага кайрылганын Сох районунун тургундарынын маалыматына таянып жазды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>