Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери эки өлкөнүн экономикалык мамилесин талкуулашты

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери эки өлкөнүн экономикалык мамилесин талкуулашты

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен кызматташуунун келечектерин талкуулады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Эки өлкө лидери бүгүн, 29-ноябрда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында Ташкент шаарында жолугушту.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун келечегин, Кыргызстан жана Өзбекстандын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, чек ара мамилелерин өнүктүрүү чараларын талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков жана Шавкат Мирзиёев өлкөлөрдүн мындан ары өз ара аракеттенишүүсү боюнча биргелешкен жакынкы пландарды белгилешип, ошондой эле кыргыз-өзбек стратегиялык кызматташуунун бардык спектрлерин кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>